АКШнын суу астындагы кемеси USS Michigan Түштүк Кореяда

USS Michigan Түндүк Кореянын баллистикалык ракета сыноосунан бир күн өткөндөн кийин Түштүк Кореянын Пусан портуна барды.

2000662
АКШнын суу астындагы кемеси USS Michigan Түштүк Кореяда

АКШ Түштүк Кореяга дүйнөдөгү эң чоң суу астындагы кемелеринин бирин жайгаштырды.

АКШнын "Огайо" үлгүсүндөгү башкарылуучу суу астындагы кемеси USS Michigan Түндүк Кореянын баллистикалык ракета сыноосунан бир күн өткөндөн кийин Түштүк Кореянын Пусан портуна барды.

Түштүк Кореянын Коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү маалыматында, USS Michiganдын жайгаштырылышы менен Түштүк Корея жана АКШнын деңиз күчтөрүнүн Түндүк Кореянын ядролук коркунучтарына каршы атайын операция мүмкүнчүлүктөрүн өлчөй турган машыгуу өткөрө турганы белгиленди.

Түштүк Кореянын түштүк-чыгышындагы Пусан портуна жеткен USS Michiganдын бул жерде канча убакыт тураары жөнүндө маалымат берилген жок.

АКШнын "Огайо үлгүсүндөгү" 4 суу астындагы кемесинин бири болгон USS Michigan акыркы технологиялык байланыш жана башкарылуучу ракеталарды учуруу, жашынуу жөндөмүнө ээ. Узундугу 170 метр жана салмагы 18 миң тонна болгон USS Michigan "дүйнөдөгү эң чоң суу астындагы кемелердин бири" катары белгилүү.

АКШ USS Michiganды акыркы жолу 2017-жылы Пусан портуна жөнөткөн.



Тектеш кабарлар