Парижде адамдар менен чычкандардын бирге жашашы үчүн комитет түзүлөт

Франциянын борбор шаары Парижде мэр Анн Идальгонун комитет түзүп, адамдар менен чычкандардын биргеликте  жашай аларын же жашай албастыгын иликтөө үчүн изилдөө жүргүзүлүүсүн каалагандыгы жарыяланды.

2000128
Парижде адамдар менен чычкандардын бирге жашашы  үчүн комитет түзүлөт

Франциянын борбор шаары Парижде мэр Анн Идальгонун комитет түзүп, адамдар менен чычкандардын биргеликте  жашай аларын же жашай албастыгын иликтөө үчүн изилдөө жүргүзүлүүсүн каалагандыгы жарыяланды.

Париж муниципалитетинде  коомдун саламаттыгы боюнча жооптуу төрага орун басары Ане Суйрис : «Мэрибиздин жол башчылыгында симбиозду изилдөө үчүн комитет курабыз. Комитет париждиктер жана чычкандардын бирдикте жашоосунун адамдар үчүн ыңгайлуу болгон жолду табат»,- деди.

Париж мэринин жаңы саясаты 6 миллион чычкан жашаган шаарда бул кемирүүчүлөргө каршы мындан мурда көрүлгөн  чаралардан олуттуу түрдө артка кадам таштоо деген мааниге келет.

Шаар башкаруусу  2017 -  жылы чычкандар менен күрөшүү планын жарыялап, аба өткөрбөгөн  таштанды кутулары менен жер  - жерлерге коюлган чычкан дарылары үчүн  1,8 миллион долларлык фонд жумшаган.

Париждеги чычкан маселеси өткөн айларда тазалык кызматкерлеринин иш таштоосу менен ачыкка чыкты. Париждеги чычкан саны адам санынан 3 эсе көп  экендиги болжолдолууда.

Идальгонун жаңы планын сынга алгандар чечимдин кемирүүчүлөр менен күрөшүүдө «сүлгү ыргытуу» деген мааниге келгенин айтышып, айрым жаныбарларды коргоо уюмдары жаңы планды ыраазычылык менен кабыл алгандарын билдиришти.

14 - кылымда шаар калкынын жарымын өлтүргөн бубон чумасынын жайылышына негизги себепкер болуп саналган  чычкандар 1870 - 1871 - жылдардагы Франция-Пруссия согушу учурунда Париж курчоосунда шаардын тургундарынын ачарчылыктан өлүшүнө тоскоол болгон.



Тектеш кабарлар