Намибия 40 крокодилди сатыкка койду
Айлана-чөйрөнү коргоо, токой чарба жана туризм министрлиги Замбези жана Каванго аймактарында 40 крокодил сатууну чечти.
Түштүк Африка өлкөлөрүнүн бири Намибия коркунуч жаратат деген жүйө менен 40 крокодилди сатыкка койду.
The Namibian гезитинин кабарына караганда, Айлана-чөйрөнү коргоо, токой чарба жана туризм министрлиги адамдар менен жапайы жаныбарлардын ортосундагы кагылышты азайтуу үчүн Замбези жана Каванго аймактарында 40 крокодил сатууну чечти.
Министрликтин басма сөз катчысы Ромео Муйунда улуттук парктардын тышында жашай баштаган, адамдарга жана башка малдарга зыян келтирген крокодилдердин ылайыктуу жашоо шарттарын камсыз кылууну чечкен өлкөлөргө сатыла турганын айтты.
Намибияда коргоо чараларынын эффективдүү жүргүзүлүшү менен акыркы жылдарда жапайы жаныбарлардын санынын көбөйгөнүн белгилеген Муйунда, мунун адамдардын жашоо мейкиндигинин чектелишине алып келгенин билдирди.
Намибиянын өкмөтү 2019-жылдан бери жапайы жаныбарлардын кол салууларынан улам өз жарандарына 2,3 миллион доллар компенсация төлөп берүүгө аргасыз болду.