Мария Захарова Түркия - Сирия карым - катнаштарынын жакшырышы тууралуу билдирди

Россиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова Түркия  -  Сирия карым  - катнаштарынын калыбына келиши үчүн өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдү аймакта туруктуулуктун маанилүү элементи катары көрүшкөндөрүн айтты.

1999893

Захарова Риа маалымат агенттигине берген маегинде Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен тышкы иштер министри Хакан Фидандын жолугушуу ыктымалы тууралуу маалымат берди.

Жолугушуу тууралуу бир күн белгиленгенде билдиришерин айткан Захарова : «Түрк өнөктөштөрүбүз менен байланышууга жана көп тараптуу темаларда жолугушууларды улантууга даярбыз»,- деди.

Эки министрдин ортосундагы биринчи телефон аркылуу сүйлөшүүнүн болгонун эске салган Захарова күн тартибинин айрым темаларынын белгиленгендигин маалымдады. Захарова булардын Кара деңиз дан демилгеси тууралуу маселелердин чечилиши, Түркиянын жакын коңшулары Сирия жана Армения менен нормалдашуу жана аймактагы террор менен күрөшүү темалары экендигин айтты.

Түркия, Сирия, Иран жана Россиянын ортосунда төрттүк форматта өткөн Түркия  -  Сирия карым  - катнаштарынын алдыга жылдырылышы тууралуу жыйындарды эске салган Захарова : «Аймактын туруктуулугу үчүн маанилүү болгон Түркия  -  Сирия карым  - катнаштарынын калыбына келиши үчүн жакшы жыйынтыктар чыкты. Түркия  -  Сирия сүйлөшүүлөрүн аймактагы туруктуулуктун маанилүү бир элементи жана Сириядагы абалдын чечилишинде маанилүү бир фактор катары көрүп жатабыз»,- деди.

Тектеш кабарлар