Испания НАТОго нааразычылык билдирди

Испания өкмөтү НАТОнун коргонуу өнөр жай пландарына испан компанияларын кошпогону үчүн нааразылык билдирди.

2000289
Испания НАТОго нааразычылык билдирди

 Испания өкмөтү НАТОнун коргонуу өнөр жай пландарына испан компанияларын кошпогону үчүн нааразылык билдирди.

Коргоо министри Маргарита Роблес Бельгиянын борбор шаары Брюсселде  бүгүн болгон НАТО коргонуу  министрлеринин жыйынынын Европа жана Түндүк Америка коргонуу өнөр жайлары тууралуу эрте мененки отурумуна катышкан жок.

Бул тууралуу өкмөт булактарынан испан басма сөзүнө берилген маалыматтарда Европа  -  Атлантика коргонуу өнөр жайындагы инвестицияны арттыруу пландарына испан компанияларын кошулбашынын «вето кылынгандыгы» белгиленди.

Испан компаниялары НАТОнун пландарына киргизилгенге чейин Испания өкмөтүнүн позициясын өзгөртпөй тургандыгы айтылды.

Испаниянын коргоо министрлигинин булактары НАТОнун бул планына  Испанияны кошпостон  «жаман башталгыч болгондгун, инклюзивдүүлүк жана тактыктан алыс экендигин» белиледи.



Тектеш кабарлар