Дүйнөнүн эң чоң экономикасы АКШнын кызматкерлердин  укуктары жагынан артта калгандыгы белгиленди

Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюмуна (OECD) мүчө өлкөлөрдүн эмгек саясатын салыштырган Oxfam America уюмунун отчетуна ылайык, АКШ "кызматкерлер эң аз бааланган" өлкөлөрдүн бири болду.

2000352
Дүйнөнүн эң чоң экономикасы АКШнын кызматкерлердин  укуктары жагынан артта калгандыгы белгиленди

Дүйнөнүн эң чоң экономикасы АКШнын кызматкерлердин  укуктары жагынан артта калгандыгы белгиленди.

Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюмуна (OECD) мүчө өлкөлөрдүн эмгек саясатын салыштырган Oxfam America уюмунун отчетуна ылайык, АКШ "кызматкерлер эң аз бааланган" өлкөлөрдүн бири болду. 

Отчетто эркин базар экономикасына кирген 38 демократиялык өлкө "эмгек акы саясаты", "кызматкерлерди коргоо" жана "уюштуруу укугу" жагынан каралып чыкты жана  жетишилген жыйынтык  АКШнын бул тармактардагы абалы менен салыштырылды.

Америка Кошмо Штаттары миллиондогон жумушчу жана  үй-бүлөлөрү үчүн адекваттуу эмгек акы, коргоо жана укуктар менен камсыз кылуу боюнча OECD өлкөлөрүнүн ичинен эң төмөнкү орунду алды.

Минималдуу эмгек акы жана жумушсуздук маянасына көңүл бурган «эмгек акы саясаты» индексинде 37,28 балл менен 36-орунда турган АКШ бул тармакта бир гана Дания менен Мексиканы артта калтырды.

АКШ  Мамлекеттик жана менчик  секторлордогу кызматкерлердин жамааттык келишимине жана уюштуруучулук жөндөмүнө көңүл бурган "уюштуруу укугу" индексинде 37,5 упай менен 32-орунду алып,  мыйзамдардын кызматкерлерди жана үй-бүлөлөрүн коргоп же коргобогондугуна көңүл бурулган   "кызматкерлерди коргоо" индексинде болсо  25,23 балл менен акыркы орунду алды.



Тектеш кабарлар