Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши резолюция долбоорун бекитти

Резолюциянын долбоору БУУнун Коопсуздук Кеңешинде бир добуштан кабыл алынды.

2000144
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши резолюция долбоорун бекитти

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши “жек көрүүчүлүк, расизм, ксенофобия жана сабырсыздык” сыяктуу жагдайлар жаңжалдын башталышына себеп болушу мүмкүн деген резолюция долбоорун бекитти.

Резолюциянын долбоору БУУнун Коопсуздук Кеңешинде бир добуштан кабыл алынды.

Резолюцияда мамлекеттер, эл аралык жана аймактык уюмдар зордук-зомбулуктан, жек көрүүчүлүктөн жана дискриминациядан келип чыккан экстремизмди ачык айыптоосу керектиги белгиленип: «Мүчө мамлекеттер диндер жана маданияттар аралык диалогдун тынчтыкка жана өнүгүүгө кошкон маанилүү салымын эске алуусу зарыл»,- деп айтылды.

Бардык мүчө мамлекеттердин адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин коргоп, шыктандыруусу керектиги маалымдалган билдирүүдө, билим берүү системаларынын да тынчтыкка кызмат кылышы керектиги баса белгиленди.

Резолюцияда БУУнун Башкы катчылыгынан бир жылдын ичинде ушул резолюциянын аткарылышына байланыштуу отчет даярдоо талабы коюлуп “жек көрүүчүлүк, расизм, ксенофобия, сабырсыздык” сыяктуу жагдайлар чыр-чатактын башталышы, күчөшү жана кайталанышына алып келиши мүмкүн экени ырасталды.



Тектеш кабарлар