Америкалык аскер ДЕАШка жардам бергенин мойнуна алды

Огайо штатында жашаган 22 жаштагы Коул Бриджес аттуу аскер кечээ сот алдына чыкты.

2000154
Америкалык аскер ДЕАШка жардам бергенин мойнуна алды

АКШ армиясынан бир аскер Жакынкы Чыгышта америкалык аскерлерге кол салган террордук уюм ДЕАШка жардам бергенин мойнуна алды.

Огайо штатында жашаган 22 жаштагы Коул Бриджес аттуу аскер кечээ сот алдына чыкты.

Бриджес террордук уюм ДЕАШка жардам берген деген айыпты мойнуна алды.

АКШнын Юстиция департаментинин жазуу түрүндөгү маалыматында, Бриджестин 2019-жылы АКШ армиясына кошулганы жана андан бери интернетте террордук уюм ДЕАШтын пропагандасын жүргүзүп келе жатканына көңүл бурулган билдирүүдө, ДЕАШ мүчөлөрүн Нью-Йоркто жана Жакынкы Чыгышта америкалык аскерлерге каршы кол салуулар үчүн машыктырганы жана жол көрсөткөнү да белгиленди.

Нью-Йорктун Түштүк сотунун адвокаты Дамиан Уильямс жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Прокурорлорубуз менен ФБРдеги (Федералдык Тергөө бюросу) өнөктөштөрүбүз жана АКШ армиясы аркылуу Бриджестин жаман ниети ачыкка чыкты, эми ал өз кылмыштары үчүн жазасын күтүп жатат»,-деди.

Коул Бриджес 40 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.



Тектеш кабарлар