АКШ   Жакынкы Чыгышка Ф-22 согуштук учактарын жөнөттү

Бул туралуу АКШнын Борбордук командирлиги билдирди.

2000273
АКШ   Жакынкы Чыгышка Ф-22 согуштук учактарын жөнөттү

АКШ  орус учактарынын аймактагы “кооптуу аракеттерин” негиз катары көрсөтүп,  Жакынкы Чыгышка Ф-22 аскердик учактарын жөнөттү.

АКШнын Борбордук командирлигинин (CENTCOM) жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : "Орус учактарынын аймактагы кооптуу жана профессионалдуу болбогон жүрүм-турумуна байланыштуу   АКШнын ар тараптуу колдоосу жана потенциалынын бир бөлүгү катары CENTCOMдун миссия аймагына АКШнын Аскердик аба күчтөрү Ф  - 22 согуштук учактарын жайгаштырды",- деп айтылды.

CENTCOM командири, генерал Майкл Курилла : "Орус күчтөрүнүн кооптуу жана профессионалдуу болбогон аракеттери профессионалдуу  аба күчтөрүнөн күтүлгөн кыймыл эмес. Орустардын келишимдер менен аныкталган учуу зоналарында кагылышууларды болтурбоо чараларын такай бузуусу  чыңалуу же туура эмес түшүнүктүн пайда болуу коркунучун күчөтүүдө",- деди.



Тектеш кабарлар