Венгрия Швеция темасында Түркия менен сүйлөшүүлөрдү улантат

Петер Сийярто маалымат берди.

1999711
Венгрия Швеция темасында Түркия менен сүйлөшүүлөрдү улантат

Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сийярто Швециянын НАТОго мүчөлүгү процессинин ар бир баскычында Түркия менен «өз ара маалыматтандыруу» темасында макулдашкандарын айтты.

Министр Сийярто түрк кесиптеши Хакан Фидан менен 4-июнда телефон аркылуу сүйлөшкөнүн эске салып: «Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө карата таштай турган кадамдар тууралуу бири-бирибизге маалымат берүү темасында Түркия менен макулдаштык»,-деди.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан менен сүйлөшүүлөрүнүн «абдан позитивдүү» өткөнүн маалымдаган Сийярто, Фидандын жаңы тышкы иштер министри катары биринчи барган өлкөлөрдүн арасында Венгриянын да болушун каалаганын жана карым-катнаштардын акырындык менен тереңдей турганын айтты.

Түркия менен Венгриянын эл аралык саясий аренада ар дайым бири-бирине жардам бергенин баса белгилеген Сийярто: «Түркиянын алдыга койгон чечимдерин жана чечүүчү жолдорун ар дайым урматтадык»,-деди.

2022-жылдын февралында Орусия-Украина согушу башталгандан кийин Финляндия жана анын коңшусу Швеция ондогон жылдар бою уланып келе жаткан аскерий бейтараптык саясатын токтотуп, 2022-жылдын 18-майында НАТОго мүчөлүккө арыз берген.

Финляндия 4-апрелде НАТОнун 31-мүчөсү болгон. Ал эми террордон алыстабаган Швециянын мүчөлүгүнө азырынча Түркия менен Венгрия макул боло элек.



Тектеш кабарлар