Сауд Арабиядан Судан үчүн эл аралык конференция
Конференцияга Европа Биримдиги, Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгы, Катар, Египет жана Германиянын катыша турганы билдирилди.
Сауд Арабия 19-июнда Суданга жана аймакка гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн эл аралык конференция өткөрө турганын кабарлады.
Сауд Арабиянын тышкы иштер министрлигинен темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.
Билдирүүдө Сауд Арабиянын 19-июнда Суданга жана аймакка гуманитардык жардамдарды колдоо үчүн жогорку деңгээлдеги конференцияга тең төрагалык кыла турганы маалымдалды.
Конференцияга Европа Биримдиги, Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгы, Катар, Египет жана Германиянын катыша турганы, өлкөнүн король Селман бин Абдулазиздин буйругу менен 100 миллион долларлык гуманитардык жардам көрсөтүп Судан элинин жанында турганы белгиленди.
Тектеш кабарлар
Гутерриш АКШдагы нааразылык акцияларына токтолду
Гутерриш БУУнун Нью-Йорктогу имаратында басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.