Путин Украинадагы абалга баа берди

Кремль сарайында Путин орусиялык согуш кабарчыларынын Украинадагы кырдаал боюнча суроолоруна жооп берди.

1999433
Путин Украинадагы абалга баа берди

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөсүнүн чек арасында жайгашкан Белгород облусуна кол салууларга жооп катары Орусиянын аймагына кирүүгө жол бербөө үчүн Украинанын аймагында «санитардык аймакты» түзө аларын билдирди.

Кремль сарайында Путин орусиялык согуш кабарчыларынын Украинадагы кырдаал боюнча суроолоруна жооп берди.

Киев башкаруучулугунун 4-июндан бери кеңири масштабдуу каршы чабуулга өткөнүнө көңүл бурган Путин:«Бул масштабдуу чабуул Шахтар жана Запорожье багыты боюнча Времевский кыркасынан башталды. Ал так стратегиялык резервдерди пайдалануу менен ишке киргизилди. Учурда ал уланууда. Душман эч бир аймакта ийгиликке жетишкен жок. Алардын чоң жоготуулары бар»,-деди.

Бул кагылышууларда орус армиясынын 54, Украина армиясынын 160тан ашуун танк жана 360 броне унаа жоготконуна көңүл бурган Путин, Киев жоготкон аскердик техникалык унаалардын 25-30 пайызынын чет өлкөдөн алынып келингенин айтты.

Каховка суу сактагычынын жарылуусуна Украина тарапты күнөөлөгөн Путин, суу сактагычтын жарылуусуна Орусиянын эч кандай тиешеси жок экенин, анткени жарылуунун кесепеттери Орусиянын көзөмөлүндөгү аймактарда абалды кыйындатканын айтты.

Украинанын Орусиянын Украина чек арасында жайгашкан Белгород аймагына саботаж топтору, ракеталар жана учкучсуз учуучу аппараттар ​​менен кол салууларынын уланып жатканын белгилеген Путин, чек араны бекемдөө процессинин ылдам уланып жатканын айтты.

Бул жерден артиллериялык чабуулдарга туруштук берилгени менен учкучсуз учуучу аппрараттар ​​менен кол салуулар улана аларына көңүл бурган Путин, керек болсо аймакты коргоо үчүн Украинанын аймагында коопсуздук аймагын түзө турганына көңүл бурду.

Орусиянын кээ бир кызыл сызыктарын бузууга кандай жооп кайтарды деген суроого Путин:«Атайын аскердик операция (Украинадагы) бул сызыктарды кесип өтүүгө жооп болуп саналат. Бул эң маанилүүсү. Биз сүйлөшүүлөргө даяр экенибизди көп жолу айтканбыз. Акыр-аягы, алар бизди 2014-жылы баштаган согушту улантууга мажбурлашты»,-деп жооп берди.

Путин АКШнын Украинага күчү азайтылган уран ок-дарысын жөнөтүү темасына да токтолуп, аларда да ушундай ок-дары бар экенин, керек болсо колдоно тургандарын баса белгиледи.

Орусиянын президенти Путин Орусиянын эгин чыгаруусуна уруксат берилбесе да Кара деңиз дан демилгеси келишимин Украинанын пайдасына эмес, Африка жана Латын Америкасындагы дос өлкөлөр үчүн жасагандарын айтты.



Тектеш кабарлар