Мьянмада 6 миңден ашуун жайкын тургун набыт болду
Ослодогу Тынчтыкты изилдөө институту тарабынан жарыяланган отчетто төңкөрүштөн кийинки 20 айдын ичинде Мьянмада каза болгон жана жарадар болгон жарандардын саны иликтенди.
Мьянмада 2021-жылдын февраль айындагы төңкөрүштүн алгачкы 20 айында каза болгон жарандардын саны 6 миң 337ге жетти.
Ослодогу Тынчтыкты изилдөө институту тарабынан жарыяланган отчетто төңкөрүштөн кийинки 20 айдын ичинде Мьянмада каза болгон жана жарадар болгон жарандардын саны иликтенди.
Отчетко ылайык, 2021-жылдын 1-февралынан 2022-жылдын 30-сентябрына чейин «саясий себептерден» 6 миң 337 адам каза болуп, 2 миң 614 адам жаракат алды.
Ошондой эле бул өлүмдөрдүн 3 миң 3үнө армия, полиция жана элдик кошуундардан, 2 миң 152сине куралдуу оппозициялык топтор себеп болду.
Отчетто темага байланыштуу: «Бул көрсөткүч жалпыга маалымдоо каражаттарындагы көрсөткүчтөрдөн бир топ жогору, бирок бул көрсөткүчтөр ишенимдүү маалымат булактарынан алынган өлүм санына негизделген»,-деп айтылды.
Мьянма армиясы, 2020-жылдагы жалпы шайлоонун бурмалангандыгы жөнүндөгү айыптоолор жана өлкөдө саясий чыңалуудан кийин 2021-жылы 1-февралда бийликти басып алган.
Армия өлкөнүн лидери жана тышкы иштер министри Аун Сан Суукини баш болгон көптөгөн жетекчилерди жана бийликтеги партиянын төрагаларын камакка алып, бир жылга чукул кырдаал жарыялаган.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газага 206 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.