Кирби: "Түштүк Корея суверендүү мамлекет"

Кирби борбор шаар Вашингтондогу басма сөз жыйынында, Түштүк Кореяны АКШ тарабында деп айыптаган Кытайдын Сеулдагы элчиси Шин Хаймин жөнүндө комментарий берди.

1998986
Кирби: "Түштүк Корея суверендүү мамлекет"

АКШда Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык байланыш координатору Жон Кирби, Кытай тарабынан Вашингтон башкаруусу менен карым-катнаштары үчүн сынга алынган Түштүк Кореянын тышкы саясатта өз алдынча чечим чыгаруу укугуна ээ суверендүү өлкө экенин билдирди.

Кирби борбор шаар Вашингтондогу басма сөз жыйынында, Түштүк Кореяны АКШ тарапта деп айыптаган Кытайдын Сеулдагы элчиси Шин Хаймин жөнүндө комментарий берди.

Кирби кытайлык дипломаттын Сеулга кысым көрсөтүүгө аракет кылышы мүмкүн экенин айтты.

Түштүк Кореянын «эгемендүү, көз карандысыз мамлекет жана өзгөчө союздаш» экенин баса белгилеген Кирби, Сеул башкаруучулугунун «өзүнө ылайыктуу көргөн тышкы саясат чечимдерин чыгарууга укугу бар экенин» билдирди.

Кирби АКШнын өзгөчө Украинага көрсөткөн колдоосу үчүн Түштүк Кореяга ыраазы экенин кошумчалады.

Кытайдын Сеулдагы элчиси Шин 9-июнда Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлигине чакыртылган. Анткени ал Сеул өкмөтүн Пекин менен мамилесин экинчи планга калтырды деп айыптап, Сеул-Вашингтон жакындашуусунун «абдан тынчын алганын» билдирген.

Түштүк Кореянын премьер-министри Хан Дак Су парламенттин сессиясында Шиндин комментарийлерин "абдан орунсуз" деп эсептегенин айткан.

Кытайдын Сеулдагы элчисинин Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлигине чакыртылышына жооп иретинде кечээ Түштүк Кореянын Пекиндеги элчиси Чун Чжэ Хо да Кытайдын Тышкы иштер министрлигине чакыртылган.



Тектеш кабарлар