Блинкен италиялык кесиптеши Антонио Таяни менен борбор шаар Вашингтондо маалымат жыйын өткөрдү

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Түркиянын НАТОнун кеңейүүсүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирүүсүнүн ылайыктуу экендигин айтты.

1999001
Блинкен италиялык кесиптеши Антонио Таяни менен борбор шаар Вашингтондо маалымат жыйын өткөрдү

Америка Кошмо Штаттынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Түркиянын НАТОнун кеңейүүсүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирүүсүнүн ылайыктуу экендигин айтты.

Блинкен италиялык кесиптеши Антонио Таяни менен борбор шаар Вашингтондо маалымат жыйын өткөрдү.

Швециянын жикчил террордук уюм  ПКК менен байланшынын бар экендигин  жарыялаган бир кишини Түркияга тапшыруусунун  НАТОго мүчөлүк процессине кандай таасир эте тургандыгы боюнча суроого жооп берген Блинкен : «тарыхый жактан каралганда Финляндия жана Швециянын мүчөлүк процесстери  абдан ылдам болду»,- деди.

Блинкен эки өлкөнүн  көптөн бери НАТО өнөктөштөрү экендигин, Европа Биримдигине мүчөлүгү жана Россиянын Европа коопсуздугуна коркунучунан улам  ылдам  болушунун ылайыктуу экенин белгилеп : «Бирок бул процесстин алкагында ар бир НАТО мүчөсү болгон өлкөнүн тынчсыздануу жана маселелерин  билдирүүлөрү керек. Бул өзгөчө НАТОнун 5 – беренеси боюнча абдан маанилүү. НАТОго мүчө болуу 5 -  берене боюнча кол салууга учураган мүчөлөргө башкаларынын колдоо көрсөтүүсү деген мааниге келет. Бул процесстин алкагында Түркия, Финляндия жана Швециянын мүчөлүктөрүнө байланыштуу айрым тынчсызданууларын күн тартибине алып келе алат»,- деди.

Блинкен эки өлкөнүн тең Түркиянын тынчсыздануусун жоюу үчүн керектүү кадамдарды таштагандыгын белгилеп, июль айында Литванын борбору Вильнюс шаарында өтө турган НАТО саммитинде  Швециянын НАТОго расмий түрдө кошулушун күтүшкөндөрүн айтты.

Блинкен Түркия, Швеция жана НАТОнун ортосунда бул жумада кайрадан жыйын өткөрүлөрүн билдирди. Италиянын тышкы иштер министри Таяни да өлкөсүнүн Швециянын НАТОго мүчөлүгүн колдогондугун белгилеп, келерки айда боло турган НАТОнун Вильнюс саммитинде мунун ишке ашышын күтүп жаткандарын айтты.

Таяни Украинанын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу  биринчи кезекте НАТО - Украина кеңешинин түзүлүшү мүмкүн экениндигине  көңүлдөрдү бурду.



Тектеш кабарлар