Швециядан Куран жана кайтаруу чечими

Швеция өкмөтү жаңы жуманы кезексиз жыйын менен баштады.

1998678
Швециядан Куран жана кайтаруу чечими

Швециянын Жогорку соту полициянын Куранды өрттөөгө тыюу салган чечимин жокко чыгарды.

Полиция февраль айында Түркия жана Ирак элчиликтеринин алдына митингге чыгууну каалаган эки кишиге коопсуздук коркунучунан улам уруксат берген эмес жана доо сотко өткөн.

Сот полициядан Куранды өрттөөгө тыюу салган чечимин жокко чыгарууну суранды.

Швеция өкмөтү жаңы жуманы да кезексиз жыйын менен баштады.

Өкмөт Түркияда баңгизат соодасы менен соттолгон жана жикчил террордук уюм ПККны да колдогон адамды экстрадициялоо өкүмүн чыгарды.

2013-жылы Түркияда соттолуп, 5 жылдан бери Швецияда жашаган 35 жаштагы жарандын жакынкы айларда экстрадицияланышы күтүлүүдө.

Түркияда баңгизат ташыган деген айып менен төрт жылдан ашык абакка кесилген соттолуучу шарттуу түрдө эркиндикке чыккандан кийин Швецияга кеткен.

Соттолуучу Түрк прокуратурасынын талабы менен августта Швецияда кармалган.



Тектеш кабарлар