АКШ УКраинага карата жаңы аскердик пакетин жарыялады

АКШнын өнөктөштөрү менен бирдикте Украинага кыска жана узун мөөнөттүү жардамдарынын улантылары баса белгиленди.

1997910
АКШ УКраинага карата жаңы аскердик пакетин жарыялады

АКШнын коргоо министрлиги (Пентагон) Украина коопсуздук жардам демилгесинин негизинде Украина армиясына абадан коргонуу жана ок – дары мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө үчүн2,1 миллиард долларлык жардам бере тургандыгын билдирди.

Пентагондон берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө АКШнын Украинага «толук колдоонун» бир бөлүгү болгон аскердик жардам пакетинин Украина армиясынын жакынкы келечектеги мүмкүнчүлүктөрүн өстүрүүнү жана узун мөөнөттө жерлерин «Орус агрессиясына» каршы коргоосуна жардам берүүнү максат кылгандыгы белгиленди.

Билдирүүдө жардам пакетиндеги мүмкүнчүлүктөр төмөнкүчө билдирилди : «Патриот абадан коргонуу системалары үчүн кошумча ок-дары, HAWK абадан коргонуу системалары жана ракеталары,105жана203 миллиметрдик артиллериялык ок, Пума учкучсуз учуучуаппарат системалары, лазердик ракета системасынын ок- дарылары жана машыктыруу жана тейлөө иштерин колдоо".

Билдирүүдө АКШнын өнөктөштөрү менен бирдикте Украинага кыска жана узун мөөнөттүү жардамдарынын улантылары баса белгиленди.



Тектеш кабарлар