Набуиллина : "Санкцияларды күчөтүү коркунучу күчөйт"

Россиянын Борбордук банкынын төрайымы  Эльвира Набиуллина санкциялардын мындан ары дагы катаалдануу коркунучу күчөп жаткандыгын айтты.

1997820
Набуиллина :  "Санкцияларды күчөтүү коркунучу күчөйт"

Россиянын Борбордук банкынын төрайымы  Эльвира Набиуллина санкциялардын мындан ары дагы катаалдануу коркунучу күчөп жаткандыгын айтты.

Эльвира Набиуллина Россиянын Борбордук банкынын саясат ченин 7,5 пайызда туруктуу кармоо чечиминен кийин борбор шаар Москвада журналисттерге маалымат берди. 

Тейлөө тармагында талаптардын көбөйүшү жана товарларга болгон талаптын азайышы менен  глобалдык экономиканын Ковид  - 19  эпидемиясынан мурдагы абалга кайта баштагандыгын айткан Набиуллина : "Орус экономикасы келерки жылы толугу менен кризистен мурдагы мезгилге кайтат",- деди. 

Набиуллина орус экономикасында инфляция коркунучунун күчөгөнүн белгилеп : «Кадрлардын жетишсиздигинен улам өндүрүш талапка жооп бербеши мүмкүн, жана  инфляциянын 4 пайыздык пландан ашышына себеп болушу мүмкүн. Санкцияларды дагы   катаалдаштыруу тобокелдиктер, өзгөчө экинчи даражадагы санкциялар жагынан күчөп баратат. Дүйнөлүк экономикада  акырындоо коркунучу да  уланууда”,- деди. 

Набиуллина Россиянын Борбордук банкынын кезектеги жыйынында пайыздык чендин көтөрүлүү ыктымалынын жогору экендигин айтты. 

 



Тектеш кабарлар