Украинада Каховка плотинасынын жарылышы  менен  5 адам каза болуп, 14 миңден ашуун үйдү суу каптады

Суу  ташкынынан кийин аймакта жарылган миналардын көрүнүштөрү соцтармактарда жарыяланды.

1997158
Украинада Каховка плотинасынын жарылышы  менен  5 адам каза болуп, 14 миңден ашуун үйдү суу каптады

 Украинада Каховка плотинасынын жарылышы  менен  5 адам каза болуп, 14 миңден ашуун үйдү суу каптады.

Украинанын Херсон облусунда шейшемби күнү Россиянын көзөмөлүндөгү Каховка плотинасынын кыйрашынан кийин эвакуациялоо жана чыгымдарды аныктоо иштери уланууда.

Украинага караштуу башкаруу  600 километрдик аянттын суу астында калгандыгын билдирди.

Аймактагы Россия жактоочусу башкаруу болсо плотинанын кыйроосу менен 5 кишинин каза болгондугун жарыялады.

Украина аймактын тургундарын мина коркунучуна каршы эскертти. Эскертүүдө суу ташкыны болгон жердеги миналардын суу бетине чыгышы мүмкүн экендиги айтылды.

Суу  ташкынынан кийин аймакта жарылган миналардын көрүнүштөрү соцтармактарда жарыяланды.

Россия да Украина да аймакта эвакуациялоо иштерин жүргүзүүдө.

Украин армиясы Херсондо  үйдөн чыга албай калган  бир үй-бүлөгө дрон менен суу алып барылгандыгын бөлүштү.

Суунун ташуусу менен миңдеген жаныбар  жок болуп, Каховка плотинасындагы балыктар жээкке чыкты.

Россия менен Украина Каховка плотинасын бутага алуу менен бири бирин айыптап жатышат.



Тектеш кабарлар