Түштүк Кореяда биринчи жолу робот оркестрди жетектейт

Робот мойнун жана колун да ийкемдүү колдоно алат.

1997268
Түштүк Кореяда биринчи жолу робот оркестрди жетектейт

Түштүк Кореянын борбору Сеулда өтө турган " Absence" аттуу концертти "EveR 6" роботунун башкарары белгилүү болду.

Йонхаптын кабарына караганда Кореянын улуттук оркестри 30-июнда Сеулдагы концертинде Кореянын өнөр жай технология институту (KITECH) тарабынан иштелип чыккан роботтун дирижёрлук кыла турганын жарыялады.

"Абсенс" концертин башкара турган "EveR 6" аттуу андроид роботтун сырткы көрүнүшү адамдын денесине окшош.

Робот мойнун жана колун да ийкемдүү колдоно алат.

Концертте робот жана дирижер Чой Сун Ёл өз-өзүнчө чыгып, андан соң эки дирижер бирге концертти алып барышат.

Чой роботтор үчүн эң чоң кыйынчылыктын өз ара аракеттенүү жана байланыш экенин айтып, адамдардын музыкада роботтук технологияларга караганда эффективдүү экенин көрсөтүүнү каалаганын айтты.

Концертте "EveR 6" аттуу роботтун жөндөмү Түштүк Корея үчүн биринчи болот.

Буга чейин Япония менен Швейцарияда роботтор оркестрлерди жетектеп келген.



Тектеш кабарлар