Папанын саламаттыгы жакшы

86 жаштагы папанын 5-7 күндүн ичинде айыгары  белгиленди.

1997265
Папанын саламаттыгы жакшы

Католиктердин руханий лидери жана Ватикандын президенти Папа Францисктин кечээ Римдеги Гемелли ооруканасында болгон грыжа операциясынан кийин абалыны жакшы экени маалымдалды.

Ватикан кечээ 3 саатка созулган операциядан кийин ооруканада жаткан Папанын саламаттыгы тууралуу маалымат берди.

Ватикандын басма сөз кеңсесинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : "Операциядан кийинки абалга көз салган медициналык топ Рим папасы Францисктин түнү тынч уктап, көпкө эс алганын кабарлашты. Анын жалпы абалы жакшы, сергек жана колдоосуз дем ала алат. Күнүмдүк көзөмөлдүн натыйжасында  көрсөткүчтөрүнүн жакшы экендиги байкалды",- деп айтылды.  

 Италиянын президенти Сержио Маттарелла операция болгон Рим папасы Францисктин тезирээк сакайып кетишин каалады.

86 жаштагы папанын 5-7 күндүн ичинде айыгары  белгиленди.



Тектеш кабарлар