Мадуронун Түркия жана Сауд Арабияга сапарлары тууралуу билдирүүсү

Мадуро, президент Режеп Таййип Эрдоган жана Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед Бин Салман менен түшкөн фотосүрөттөрүн социалдык медиа баракчасынан бөлүштү.

1997072
Мадуронун Түркия жана Сауд Арабияга сапарлары тууралуу билдирүүсү
maduro-prens selman.jpg
erdogan-maduro.jpg

Венесуэланын президенти Николас Мадуро, Түркия жана Сауд Арабияга сапарларынын “абдан ийгиликтүү” болгонун билдирди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган жана Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед Бин Салман менен түшкөн фотосүрөттөрүн социалдык медиа баракчасынан бөлүшкөн Мадуро, Венесуэланын Түркия жана Сауд Арабия менен түзгөн бекем кызматташтык темаларынын ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын баса белгиледи.

Мадуро: "Түркия жана Сауд Арабия сыяктуу дос өлкөлөрдөгү эл аралык иш күн тартибибиз толук ийгиликке жетишип, стратегиялык тармактарда бекем, өз ара жардам жана соода көпүрөлөрүн түзүүгө мүмкүндүк берди. Жаңы дүйнөнүн биримдигинде жана кызматташтыгында чечкиндүүлүктү улантуудабыз",-деп айтты.

Президент Эрдогандын 3-июнда борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте өткөрүлгөн «Ант берүү аземине» катышкандан кийин президент Мадуро кечээ Жиддадагы Салам сарайында мураскор ханзаада Бин Салман менен жолугушкан.



Тектеш кабарлар