Гаитиде абактагылар ачкачылык жана суусуздук менен бетме - бет

БУУнун маалыматтары Гаитиде өткөн жылы абактарда 185, жылдын башынан бери да 20дан ашуун кишинин каза болгондугун ачыкка чыгарды.

1997125
Гаитиде абактагылар ачкачылык  жана суусуздук менен бетме  - бет

 Кариб өлкөсү Гаитиде киши көп болгон абактар ачкачылык жана суусуздук жана көптөгөн маселе менен күрөшүүдө.

БУУнун маалыматтары Гаитиде өткөн жылы абактарда 185, жылдын башынан бери да 20дан ашуун кишинин каза болгондугун ачыкка чыгарды.

Борбор шаардагы абактарда кургак учук менен ооруган туткундар жетеринче дарылана албагандыктан, көпчүлүгүнүн нан жана суу ала албагандыгы билдирилди.

Бир тараптан туткундар жата турган жер болбогондуктан түндү уктабай өткөрүүгө аргасыз болууда. Камоо мөөнөтү 48 саат болгон өлкөдө бул ишке ашырылбагандыктан камоо мөөнөтү созулуп жатат.

Гаитидеги туткундардын 80 пайызынын соттолуу үчүн күтүп жаткандыгы белгиленип, адам укуктары боюнча адистер бул кишилердин сот алдына чыгуусу көптөгөн жылдарга созуларын айтышууда.

Айрым туткундарга үй – бүлөлөрү тамак – аш жана суу алып келсе да бул абал да камоо мөөнөтү узарган сайын улантыла албай турган абалга келет.



Тектеш кабарлар