АКШда дары-дармек менен камсыздоо маселеси

Американын Улуттук Рак Тармагы (NCCN) деп аталган бейөкмөт уюмдун маалыматына караганда, өлкөдөгү ракты дарылоочу 27 борбордо жүргүзүлгөн текшерүүгө ылайык, дары-дармек менен камсыздоодо жаралган көйгөйлөр бейтаптарга терс таасирин тийгизүүдө.

1997135
АКШда дары-дармек менен камсыздоо маселеси

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) химиотерапия препараттарынын запасындагы көйгөйлөрдөн улам ракты дарылоо кыйындап калганы кабарланды.

Американын Улуттук Рак Тармагы (NCCN) деп аталган бейөкмөт уюмдун маалыматына караганда, өлкөдөгү ракты дарылоочу 27 борбордо жүргүзүлгөн текшерүүгө ылайык, дары-дармек менен камсыздоодо жаралган көйгөйлөр бейтаптарга терс таасирин тийгизүүдө.

Текшерилген борборлордун 25инде рак клеткаларынын көбөйүшүнө жол бербөөчү карбоплатин препаратын берүү мүмкүн эмес. 25 борбордун үчтөн биринде бейтаптар тийиштүү деңгээлде дарылана албайт.

Кошумчалай кетсек, бул борборлордун дээрлик бардыгында рак клеткаларын жок кылуучу цисплатин аттуу дарыга мүмкүнчүлүк жок. Онкологиялык борборлордон тышкары 19 оорукана да цисплатин менен камсыздоодо кыйынчылыктарга дуушар болууда.

Дарыгерлер убактылуу ар кандай дарылоо ыкмаларын жана запастагы көйгөйлөрдөн улам бейтаптарын айыктыруу үчүн дары айкалыштарын сынап көрүшү керек.

Америкалык фармацевтер ассоциациясынан Майк Ганио дары менен камсыздоо маселеси Индиядагы фармацевтикалык фабрика цисплатин жана карбоплатин өндүрүүнү токтоткондон кийин башталганын билдирди.

Юта университетинин дары-дармек боюнча маалымат кызматынын маалыматына ылайык, АКШда 301 дары-дармек менен камсыздоодо көйгөй бар.



Тектеш кабарлар