Шариф президент Эрдоганды Жогорку деңгээлдеги жыйынга чакырды

Президент Эрдогандын «Инаугурация аземине» катышкан Шариф, Пакистан өкмөтү менен элинин атынан Эрдоганга кайрадан шайланышынан улам чын жүрөктөн чыккан куттуктоосун айтты.

1995442
Шариф президент Эрдоганды Жогорку деңгээлдеги жыйынга чакырды

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф президент Режеп Таййип Эрдоганды Пакистандын борбор шаары Исламабадда өткөрүлүшү пландалган Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин 7-жыйынына чакырды.

Президент Эрдогандын «Инаугурация аземине» катышкан Шариф, Пакистан өкмөтү менен элинин атынан Эрдоганга кайрадан шайланышынан улам чын жүрөктөн чыккан куттуктоосун айтты жана ийгиликтеринин уланышын каалады.

Шариф Эрдогандын көрөгөч лидерлигин жогору баалап, Түркиянын акыркы 20 жылда ар тармакта таштаган кадамдарынын эң көңүл буруучу ийгилик мисалдары экенин белгиледи.

Түркия Республикасынын негизделгенинин 100 жылдыгына токтолгон Шариф, президент Эрдогандын прогресс жана гүлдөп өнүгүү жолунда лидерлик кылуусун улантып жатканын айтты.

Шариф Эрдоганга аймактык тынчтыкты бекемдөө аракети жана дипломатия менен диалогго колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Пакистандын Түркия менен бир туугандык карым-катнаштарын дагы да бекемдөө жана ар түрдүү стратегиялык өнөктөштүктөрдү өнүктүрүү боюнча чечкиндүүлүгүн кайталаган Шариф, Эрдоганды Исламабадда өткөрүлүшү пландалган Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин 7-жыйынына чакырды.



Тектеш кабарлар