Мексикада 45 баштык адамдын сөөгү табылды

Баштыктардын ичинен табылган дене бөлүктөрүнүн аялдарга жана эркектерге таандык экендиги идентификация иштеринин уланып жатканы, сөөктөрдүн жалпы саны так белгисиз экендиги айтылды.

1994693
Мексикада 45 баштык адамдын сөөгү табылды

Мексиканын Гвадалахара шаарындагы жардын четинен 45 баштыкка салынган адамдын сөөгү табылган.

Баштыктардын ичинен табылган дене бөлүктөрүнүн аялдарга жана эркектерге таандык экендиги идентификация иштеринин уланып жатканы, сөөктөрдүн жалпы саны так белгисиз экендиги айтылды.

Кыйын рельеф жана жарыктын начардыгынан улам издөө иштеринин дагы бир нече күнгө созулушу күтүлүүдө.

Жалиско штатынын прокурору өткөн жумада  бир чакыруу борборунун 7 кызматкеринин дайынсыз жоголгондугуна байланыштуу издөө иштерин баштаган. Прокуратура  дайынсыз жоголгондугу билдирилген 7 кишинин абалы изилденип жаткандыгын билдирди.

Мексикада өкмөттүн расмий маалыматы боюнча 100 миңден ашуун адам дайынсыз болууда.

Бул адамдардын көбү уюшкан кылмыш топтордун курмандыктары экендиги айтылууда.

Дайынсыз жоголгондордун үчтөн экиси эркектер, бештен бири 18 жашка чейинкилер түзүүдө.



Тектеш кабарлар