Европа Биримдиги Косоводо жергиликтүү шайлоону жаңыртууну талап кылууда

Жозеп Боррелл Европа саясий шериктештигинин саммити өткөн Молдовада Косовонун президенти Вйоса Османи жана Сербиянын президенти Александр Вучич менен өзүнчө жолугушту.

1994500
Европа Биримдиги Косоводо жергиликтүү шайлоону жаңыртууну талап кылууда

Европа Биримдиги чыңалуу күчөгөн Косоводо жергиликтүү шайлоону жаңыртуу талабын койду.

Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл Европа саясий шериктештигинин саммити өткөн Молдовада Косовонун президенти Вйоса Османи жана Сербиянын президенти Александр Вучич менен өзүнчө жолугушту.

Бул жолугушуулардан кийин Боррел, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Олаф Шольц да Косово жана серб лидерлери менен жолугушту.

Боррелл байланыштар тууралуу социалдык медиадан жасаган билдирүүсүндө Косовонун түндүгүндөгү «коркунучтуу» абалды талкуулагандарын жана Европа Биримдигинин Косового койгон талаптарын төмөнкүчө билдирди : "Биздин үч так талабыбыз бар. Жергиликтүү шайлоону тез арада кайра баштоо, косоволук сербдердин катышуусу жана Европа Биримдиги көмөктөшкөн диалогдун алкагында сербдердин көпчүлүгүн түзгөн муниципалитеттердин биримдигин түзүү боюнча иш баштоо. Булардын болбошу мамилелерибиз үчүн олуттуу кесепеттерди алып келет".

26-майда косоволук сербдер Косовонун түндүгүндө сербдер топтолгон Звечан, Зубин Поток жана Лепосавич муниципалитеттеринде 23-апрелдеги жергиликтүү шайлоодо жеңип чыккан албан мэрлеринин шайланышына нааразылык билдиришти.

Албан мэрлерин коргоо үчүн аймакка жөнөтүлгөн Косово полициясы менен косоволук сербдердин ортосунда кагылышуу чыккан.

Серб администрациясы косоволук сербдер бойкот кылган жана шайлоочулардын 3 пайызын түзгөн шайлоону жараксыз деп эсептейт.



Тектеш кабарлар