Зеленский: "Согуш биз жеңгенде бүтөт"

Зеленский Европа саясий шериктештигинин саммити үчүн Молдовага барды.

1994079
Зеленский: "Согуш биз жеңгенде бүтөт"

Украинанын президенти Владимир Зеленский: «Согуш биз жеңишке жеткенде бүтөт. Орусия бул согушту эртерээк бүтүрө алат. Бул үчүн алар биздин жерлерден чыгып кетиши керек»,- деди.

Зеленский Европа саясий шериктештигинин (ЕСШ) саммити үчүн Молдовага барды.

Саммит өтө турган Мими сепилинде Молдованын президенти Майя Санду тарабынан тосуп алынган Зеленский бул жердеги билдирүүсүндө согуштун качан бүтөөрү тууралуу: «Согуш биз жеңгенде бүтөт. Орусия бул согушту эртерээк бүтүрө алат. Бул үчүн алар биздин жерлерди таштап кетиши керек»,-деп айтты.

Зеленский ЕСШ саммити учурунда кээ бир лидерлер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн жана бул жолугушууларда Patriot ракеталык системалары сыяктуу аскердик колдоолордун карала турганын маалымдады.

Өлкөсүнүн Европа Биримдигине (ЕБ) жана НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу Зеленский: «Биздин келечегибиз Евробиримдикте деп эсептейбиз. Украина НАТОго кирүүгө даяр. НАТОнун Украинаны кошуп алуусун күтүп жатабыз. Орусиянын Украинага кол салуусунан жана Европанын башка жерлеринде ыктымалдуу чабуулдарынан улам коопсуздук кепилдиги Украина үчүн гана эмес, Молдова үчүн да маанилүү»,-деди.

Президент Зеленский ЕСШ саммитинде да өлкөсүнүн тез арада Орусияга каршы коопсуздук кепилдигине муктаж экенин баса белгиледи.

Зеленский: «Ушул жайда Вильнюста өтүүчү НАТОнун саммитинде Украинаны мүчөлүккө ачык чакыруу, ошондой эле НАТОго мүчөлүк жолунда коопсуздук кепилдиги берилиши керек»,- деди

Зеленский заманбап согуштук учактарга муктаж экендиктерин жана аларга F-16 согуштук учактары берилсе Орусияны жеңе ала тургандарын билдирди. 



Тектеш кабарлар