Суданда жер которгондордун саны 1,6 миллиондон ашты

Бир нече жолу ок атышпоо жарыяланганына карабастан тараптар ар кайсы аймактарда кагылышууну улантууда.

1993787
Суданда жер которгондордун саны 1,6 миллиондон ашты

Суданда армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосунда 15-апрелде чыккан кагылышуудан улам үйлөрүн таштап кеткендердин саны 1 миллион 600 миңден ашты.

Эл аралык миграция уюму (IOM) жарыялаган отчетко караганда, акыркы 6 аптада кагылышуулардын жана коопсуздуктун айынан 1 миллион 200 миң киши өлкө ичинде жер которуп, 425 миң киши коңшу өлкөлөргө баш калкалады.

Өлкө ичинде эң көп качуу 69 пайыз менен борбор шаар Хартумда, андан кийин 20 пайыз менен Батыш Дарфурда катталды.

Эң көп өтүлгөн өлкөлөр да Египет, Чад жана Түштүк Судан болду.

Кагылышуулардан улам гуманитардык жардам үзгүлтүккө учураган өлкөдө тамак-аш, баш калкалоочу жай жана саламаттык сактоо каражаттарына чукул муктаждык бар.

Бир нече жолу ок атышпоо жарыяланганына карабастан тараптар ар кайсы аймактарда кагылышууну улантууда.



Тектеш кабарлар