НАСАнын НЛО тууралуу баа берүүсү

АКШда Принстон угиверситетинин мугалими Дэвид Спергел азырынча жер жүзүнүн тышында жашоонун  бар экенине далил боло ала турган эч нерсе таба электерин айтты.

1993955
НАСАнын НЛО тууралуу баа берүүсү

АКШда Принстон угиверситетинин мугалими Дэвид Спергел азырынча жер жүзүнүн тышында жашоонун  бар экенине далил боло ала турган эч нерсе таба электерин айтты.

Улуттук авиация жана космостук агенттиги НАСАнын армиянын, академиянын жана жеке компаниялардын жетекчилеринен турган жана белгисиз аба объектилерин изилдеген кеңеши 16 эксперттен турган топ менен брифинг өткөрдү.

Жыйында сөз сүйлөгөн коргоо министрлигинин бардык аянттардагы аномалияларды  чечүү кеңсесинин директору, доктор  Шон Киркпатрик ушул кезге чейин 800дөн ашуун белгисиз аба объектиси тууралуу  (НЛО) билдирүүнүн келгендигин,  ай сайын 50дөн 100гө жакын билдирүү түшкөндүгүн айтты.

Киркпатрик алардын өтө азын аныктоого мүмкүн эмес аномалиялар деп эсептешкенин белгиледи.

Жыйында сөз сүйлөгөн Федералдык  авиация башкаруусу аба жолдорун байкоо кызматтарынын кеңсесинде техникалык кеңешчи Майк Фри  февраль айында АКШнын аба аянтынан бир Кытай шары аныкталып түшүрүлгөндөн кийин  белгисиз объектилер тууралуу билдирүүлөрүндө «маанилүү көбөйүүнүн» байкалгандыгын билдирди.

Жыйында табылган объектилердин артында «адамдык эмес интеллект» барбы деген суроо коюлду.

Принстон университетинин окутуучусу Дэвид Спергел НАСА азырынча "адамдан тышкаркы интеллектти же анын укмуштуу далилдерди" көрө электигин айтты.

Жер жүзүнөн башка жашоонун бар экендиги аныктала турган болсо НАСАнын эмне кылары тууралуу суроого жооп берген Спергел негизинен жер бетинин тышында жашоонун мүмкүн же мүмүкн эместиги агенттик алектенген эң чоң маселе экендигин бирок азырынча мындай абалга байланыштуу далилдин табыла электигин айтты.



Тектеш кабарлар