Испания Мароккого нота жөнөттү

Испаниянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Марокконун Мадриддеги элчилигине жөнөтүлгөн нотада Марокко өкмөтүнүн Европа Комиссиясындагы өкүлү Сеута жана Мелилья үчүн «Марокко шаарлары» термининин колдонулушун айыптады.

1994147
Испания Мароккого нота жөнөттү

Испания Түндүк Африкадагы жерлери Сеута жана Мелилья үчүн "Марокко шаарлары" деп аныктаган Марокконун өкмөтүнө жазуу жүзүндөгү нота жөнөттү.

Испаниянын расмий кабар агенттиги EFEнин маалыматына караганда, Испаниянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Марокконун Мадриддеги элчилигине жөнөтүлгөн нотада Марокко өкмөтүнүн Европа Комиссиясындагы өкүлүнүн, Сеута жана Мелилья үчүн «Марокко шаарлары» термининин колдонулушун айыптады.

Нотада Испания мындай аныктаманы «категориялык түрдө четке кагат» деп баса белгиленди.

Европа Комиссиясынын Миграция жана коопсуздук саясатын координациялоо боюнча жооптуу төрагасынын орун басары Маргаритис Шинастын Сеута жана Мелилья үчүн көп жолу колдонгон «эл аралык деңгээлде испан шаарлары катары таанылган», «Евробиримдиктин чек араларындагы шаарлар» деген сөздөрүнө жооп катары Марокко өкмөтү Комиссияга тапшырган документте «Сеута жана Мелилья Марокко шаарлары»,-деген болчу.

Батыш Сахара кризисинен жана Сеута менен Мелильядан Испанияга мыйзамсыз миграциядан улам 2021-2022-жылдары 10 айлык дипломатиялык кризисти башынан өткөргөн Испания менен Марокко 2022-жылдын апрель айында «жаңы өнөктөштүктү түзүүнү» макулдашып, экинчи тараптын тынчын ала турган сөздөрдөн алыс болууга убада кылышкан.  

Испания менен Марокко ошондой эле ушул жылдын 2-февралында өткөрүлгөн Өкмөттөр аралык Жогорку деңгээлдеги жыйында эки тараптуу карым-катнаштарда жаңы жол картасын сунуштаган келишимдерди түзүп бул милдеттенмелерин бекемдеген болчу.



Тектеш кабарлар