Судандагы абал

ДССУнун басма сөз катчысы Тарик Ясаревич Швейцариянын Женева шаарында өткөрүлгөн жумалык маалымат жыйынында ДССУнун Судандагы саламаттыкты сактоо борборлоруна 45 кол салуу болгонун ырастады.

1993129
Судандагы абал

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) Суданда уланып жаткан кагылышуулардан улам 850 адамдын өмүрүн алганын билдирди.

ДССУнун басма сөз катчысы Тарик Ясаревич Швейцариянын Женева шаарында өткөрүлгөн жумалык маалымат жыйынында ДССУнун Судандагы саламаттыкты сактоо борборлоруна 45 кол салуу болгонун ырастап, бул кол салуулардын натыйжасында 8 кишинин каза болгонун, 18 кишинин жараланганын айтты.

Ясаревич: «Судандын Федералдык Саламаттыкты сактоо министрлиги 15-апрелден бери уланып жаткан кагылышуулардан 850 кишинин каза болгонун жана 5500ү жарадар болгонун билдирди»,-деди.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАП) Судандагы директору Эдди Роу, кагылышуулар уланып жаткан Хартумга биринчи азык-түлүк жардамынын 27-майда башталганын билдирди.

Роу : «Судан армиясы жана кагылышууга катышкан Ыкчам колдоо күчтөрү (HDK) көзөмөлдөгөн аймактарда 15 миң судандыкка жардам жеткирилди. Коопсуздук абалына жараша дагы көп азык-түлүк жардамынын берилиши болжолдонду. Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Хартумда 500 миң кишиге жетүүсү пландалды. Порт-Суданда жер которгон 4000 адамга өткөн аптада азык-түлүк таратыла баштады. Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы Судандагы колдоосун тездик менен арттырып, өлкө боюнча 725 миңге жакын адамга шашылыш азык-түлүк жана тамак-аш жардамын жеткирди»,-деп айтты.

БУУнун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) басма сөз катчысы Жеймс Элдер Судандагы 13,6 миллион бала «өмүрдү сактап калуучу колдоого» муктаж экенин айтты.

Судандагы кагылышууларда жүздөгөн баланын каза болгонун, миңдеген балдардын майып болуп калганын баса белгилеген Элдер кагылышып жаткан тараптарды «балдарды коргоого» чакырды.

ЮНИСЕФтин Судандагы 10 миллион балага колдоо көрсөтүү үчүн 838 миллион долларлык жардам чакырыгы башталганын эске салган Элдер, ушул убакка чейин бул сумманын 5 пайызынын чогултулганын айтты.



Тектеш кабарлар