Бельгиядагы токой өртү

170 гектардык токой жана камыштарга зыян келтирген өрттү өчүрүүгө немис өрт өчүрүүчүлөрүнүн да колдоо көрсөткөнү белгиленди.

1992950
Бельгиядагы токой өртү

Бельгиянын Германия чек арасына жакын жерде чыккан өрттөн 170 гектардык токой жана камыш зыян тартты.

Өлкөнүн чыгышында жайгашкан Фагнес аймагындагы өрттү өчүрүүгө 130 өрт өчүрүүчү жөнөтүлдү. 170 гектардык токой жана камыштарга зыян келтирген өрттү өчүрүүгө немис өрт өчүрүүчүлөрүнүн да колдоо көрсөткөнү белгиленди.

Бельгиянын Валлон аймагынын токой жана суу башкармалыгы, өрттүн чыгышына адамдын себепкер болгонун, чагылган же өтө ысык сыяктуу табигый себептердин байкалбаганын билдирди.

Жөө басуу жолдору менен белгилүү болгон аймакка кирүүлөргө тыюу салынганы, өрттөн жабыркаган кээ бир жерлерге жетүү үчүн тик учактарга муктаждык бар экени айтылды.

Бельгиянын түндүгүндө эки жумага жакын жамгыр жаабаган Антверпен жана Лимбург жаратылыш парктары менен токой аймактарында өрт коркунучуна каршы сары эскертүү берилгени жарыяланды. Өлкөдө кеминде дагы бир жума ысык жана кургакчыл аба ырайы күтүлөт.



Тектеш кабарлар