Өлкө тышындагы кубаныч

Чет өлкөдө жашаган түрктөр Эрдогандын президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы ийгилигин майрамдай башташты.

1992195
Өлкө тышындагы кубаныч

Чет өлкөдө жашаган түрктөр президент Режеп Таййип Эрдогандын расмий эмес жыйынтыктарга караганда президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы ийгилигин куттуктай башташты.

Бельгиянын борбор шаары Брюсселдин Шеербек районунда көчөгө чыккан көп сандаган түрк жараны түрк желектерин көтөрүп, Эрдоганды колдогон ураандарды чакырышты.

Жүздөгөн азербайжандык жана бул өлкөдө жашаган түрк жарандары Түркиянын Бакудагы элчилигинин жанындагы паркка чогулуп, Эрдоганды шайлоодогу ийгилиги менен куттукташты.

Ливандын борбору Бейруттагы эки башка куттуктоо "Тарик ал-Жедид" аймагында жана палестиналык качкындардын лагери Бурж аль-Баракнада өттү. Тарик эл-Жедидде чогулган жүздөгөн киши түрк желектери менен чыгышты.

Президент Эрдогандын президенттик шайлоонун 2-турундагы ийгилиги Швециянын борбор шаары Стокгольмдо да кубанычтуу белгиленди.

Германияда жашаган түрк жарандары Берлиндин Кройзберг району менен Курфюрстендамм көчөсүндө чогулуп, президент Эрдоганды шайлоодогу ийгилигинен улам куттукташты.

Түркиядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында шайлоодогу ийгилигинен улам Катардын символдук имараттарынын бири Al Jaber мунарасы, Режеп Таййип Эрдогандын фотосүрөтү жана түрк желеги менен жарыктандырылды.

Нидерландиянын Роттердам шаарындагы Хофплейн аянтына чогулган көп сандаган түрк жараны түрк желектерин көтөрүп, Эрдоганды колдогон ураандарды чакырып жатышты.

Швейцариянын Цюрих шаарында көп сандаган түрк жараны колдорунда түрк желектери менен Эрдоганды колдоп ураан чакырышты.

Түндүк Кипр Түрк Республикасында борбор шаар Левкошада түрк желектери жана президент Режеп Таййип Эрдогандын сүрөттөрү менен унаа конвойлору түзүлүп шаар кыдырылды.

Президент Эрдогандын кайра шайлануусу АКШ, Италия, Франция, Англия, Австрия, Босния-Герцеговина, Сербия, Косово, Черногория, Түндүк Македония, Албания, Пакистан, Палестина жана Алжирде да куттукталды.



Тектеш кабарлар