Судан отставкадагы аскер кызматкрелерине чакыруу салды

Суданда Коргоо министрлиги отставкадагы армия мүчөлөрүнө курал алуу үчүн эң жакынкы аскердик борборго барууга чакырды.

1991511
Судан отставкадагы  аскер кызматкрелерине чакыруу салды

Армия менен аскерлештирилген Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосундагы кагылышуулар өткөн айдан бери уланып жаткан Суданда Коргоо министрлиги отставкадагы армия мүчөлөрүнө курал алуу үчүн эң жакынкы аскердик борборго барууга чакырды.

Коргоо министри Ясин Ибрахим мамлекеттик телекөрсөтүүдөгү билдирүүсүндө: «Козголоңчу күчтөр (HDK) гуманитардык ок ​​атышпоону бузуп, айрым мекемелерге кол салууну улантууда»,- деди.

Ыкчам колдоо күчтөрүнүн мамлекетке жакын айрым кишилерди кемсинтип жана пенсиядагы армия кызматкерлерин камоо менен айыптаган Ибрахим : «Пенсиядагы бардык офицерлер менен катардагы аскерлерди үй  -  бүлөлөрүн, окңшуларын коргоо үчүн курал алуу үчүн эң жакын аскердик борборлорго барууларына чакыруу салуудабыз»,- деди.

Тараптар 22-майда бир жумалык гуманитардык ок ​​атууну токтотууну жарыялашкан.

Армия колдогон, бирок көз карандысыз жана параллелдүү армия сыяктуу кыймыл кылганы үчүн коркунуч катары кабыл алган Ыкчам колдоо күчтөрүн  2 жылдын ичинде толук түрдө армияга интеграцияланышын талап кылууда.



Тектеш кабарлар