Япон өкмөтү 80 орус уюмунун тыюу салынган тизмеге кошуларын билдирди
Премьер-министр Кишида Фумионун жетекчилигиндеги өкмөт жыйынында Россияга каршы жаңы экономикалык санкциялар бекитилди.
Япон өкмөтү Украинага кол салууларын улантып жаткан орус армиясы менен байланыштуу 80 орус уюмунун экспортуна тыюу салынган уюмдардын тизмесине кошула турганын билдирди.
Премьер-министр Кишида Фумионун жетекчилигиндеги өкмөт жыйынында Россияга каршы жаңы экономикалык санкциялар бекитилди.
Инвестиция чечиминин негизинде Россияга карата курулуш жана инженердик кызмат көрсөтүүлөр токтотулат, 17 адам менен 78 уюмдун мүлкү тоңдурулат.
Мындан тышкары орус армиясы менен байланышы бар 80 орус уюму экспорткотыюу салынган уюмдардын тизмесине кошулат.
Министрлер кабинетинин башкы катчысы Мацуно Хироказу берген маалыматында : "Абалды жакшыртуу үчүн Г - 7 өнөктөштөрүбүз жана эл аралык коомчулук менен иштешүүнү улантабыз",- деди.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.