Польша Германиядан компенсация талап кылууда катуу турат

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий өлкөсүнүн Экинчи дүйнөлүк согуштагы жоготуулардан улам каалаган компенсациясынан баш тартпай турганын айтты.

1991407
Польша Германиядан компенсация талап кылууда катуу турат

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий Германия менен карым-катнаштарынын көп жылдарга созуларын бирок өлкөсүнүн Экинчи дүйнөлүк согуштагы жоготуулардан улам каалаган компенсациясынан баш тартпай турганын айтты.

Моравецкий бүгүн эртең менен катышкан Польша радиосунун программасында күн тартиби тууралуу баа берди.   

Германиянын Варшава элчиси Томас Баггердин эки өлкөнүн ортосундагы компенсация маселесинин мыйзамдуу түрдө жабылганын айткандыгы эскертилди. Моравецкий буга : «Кудай бизге жанаша жашоону насип кылсын, бирок көз жаштарын жана болгондорду, компенсацияларды жок дегенде минималдуу төлөм менен оңдоо албетте оң нерсе болот»,- деп жооп берди.

Моравецкий Баггердин моралдык жактан гана эмес, саясий жана социалдык жактан да туура эмес экендигин айтты.

Польшанын тышкы иштер министринин орун басары Аркадиуш Муларчиктин Германиядан согуш компенсацияларды алуу үчүн чоң аракет кылгандыгын баса белгилеген Моравецкий : «Бул көпкө созулган процесс болот, бирок биз андан эч качан баш тартпайбыз жана мен саясатчылардын кийинки мууну да муну талап кылат деп ишенем»,- деди.  Польша өкмөтү 2022-жылдын 1-сентябрында Польшанын Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда тарткан каржылык жоготуулары тууралуу кеңири баяндама даярдап, ага ылайык Германиядан 1,3 триллион евро компенсация талап кылган.



Тектеш кабарлар