Лавровдон Батышка Африка реакциясы

Лавров менен Сомалинин тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Абшир Омар Чама борбор шаар Москвадагы жолугушуусунан кийин маалымат жыйын өткөрүштү.

1991422
Лавровдон Батышка Африка реакциясы

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Африканын көп уюлдуу дүйнөдө маанилүү роль ойноого укугу бар экенин айтып: «Батыш өлкөлөрүнүн африкалыктардын ордуна чечим чыгарган доору аяктап баратат»,- деди.

Лавров менен Сомалинин тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Абшир Омар Чама борбор шаар Москвадагы жолугушуусунан кийин маалымат жыйынын өткөрүштү.

Жыйында сөз сүйлөгөн Лавров, Орусия менен Сомалинин ортосундагы аскердик техника тармагындагы кызматташтыкка токтолуп: «Терроризмге каршы аракеттерин токтотуулары үчүн Сомали армиясынын муктаждыктарын керектүү жабдыктарды берүү аркылуу канааттандырууга даяр экенибизди дагы бир жолу кайталадым. Сомали полициясына да машыктыруу темасында колдоо көрсөтүүнү улантабыз»,-деп айтты.

Лавров, Украинада 2022-жылдын 24-февралынан бери болуп жаткан согушка байланыштуу: Сомалилик досторубуздун Украинанын айланасында болуп жаткан окуяларга тең салмактуу мамилесин баалайбыз. Кырдаал боюнча тынымсыз кабарлап турабыз. Көптөгөн өнүгүп келе жаткан өлкөлөр кризистин Америка Кошмо Штаттары жана анын союздаштарынын НАТОну кеңейтүү жолу менен Европада гана эмес, башка региондордо да үстөмдүгүн бекемдөөгө умтулуп жаткандыгына байланыштуу себептерин түшүнөт», -деди.  

Сомалиге каршы санкциялардын ишке ашырылып жатканын билдирген Лавров, бул санкциялардын жоюлушу керектигин баса белгиледи.

Министр Лавров Африкадагы көйгөйлөрдүн африкалыктар тарабынан гана чечилишин жактагандарын айтып: «Батыш өлкөлөрүнүн африкалыктардын орудан чечим чыгарган доору аяктап баратат. Африка континентинин өз көйгөйлөрүн өзү чечүү жана көп полярдуу дүйнөдө маанилүү роль ойноого укугу бар экенин кабыл алуу керек»,-деди.

Чама да Орусия менен кызматташтып, террорго каршы күрөштү уланткандарын белгиледи.

Эки министр Орусия менен Сомалинин Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту.



Тектеш кабарлар