Антонио Гутерреш эл аралык коомчулукту Африка мүйүзү үчүн чукул жардам берүүгө чакырды

Гутерреш БУУнун Африка мүйүзү үчүн жогорку деңгээлдеги каражат чогултуу иш-чарасында сөз сүйлөдү.

1990831
Антонио Гутерреш эл аралык коомчулукту Африка мүйүзү үчүн чукул жардам берүүгө чакырды

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш эл аралык коомчулукту Африка мүйүзү үчүн чукул жардам берүүгө чакырды.

Гутерреш БУУнун Африка мүйүзү үчүн жогорку деңгээлдеги каражат чогултуу иш-чарасында сөз сүйлөдү.

Аймактагы болгон «кризис артынан кризистин» миллиондогон кишинин өмүрүн коркунучка салганын белгилеген Гутерреш кургакчылык сыяктуу табигый кырсыктар, туруксуздук жана кагылышуулардын массалык жер которууга себеп болгонун белгиледи.

Гутерреш : "Кризистин кырсыкка айланып кетишине жол бербөө үчүн аракет кылышыбыз керек»,- деп,  өткөн жылы чогулган каражат менен аймактагы 20 миллион адамга жардам жеткирилгенин эске салды.

Колдоонун учурдагы чакыруулар боюнча көбөйтүлүшү керектигин белгилеген Гутерреш : «Эл аралык коомчулук жана бардык донорлорго аймак үчүн  2023  гуманитардык кийлигишүү планын чукул түрдө каржылоого чакырам»,- деди.

Учурда пландын 20 пайызы гана каржыланганын жана мунун кабыл алынгыс экенин баса белгилеген Гутерреш : «Шашылыш жана чоң каражат берилбесе операциялар улантыла албайт жана адамдар өлөт»,-деп эскертти.

АКШнын  БУУдагы туруктуу өкүлү Линда Томас-Гринфилд Африка мүйүзүндөгү кургакчылыктан улам кризисти жеңилдетүү үчүн кошумча 524 миллион долларлык гуманитардык жардам бергендерин жарыялады.

Гринфилд АКШнын аймак үчүн бл жылы берген жардам убадасынын  1,4 миллиард долларга жеткенин билдирди.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Чыгыш Африка боюнча аймактык директору Майкл Данфорд да басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө Африка мүйүзүндөгү кургакчылыктын олуттуулугуна көңүлдөрдү бурду.

Африка мүйүзүндө миллиондогон адамдардын ачкачылык кризиси менен бетме-бет келгенин белгилеген Данфорд азык-түлүк, энергетика баалары, кургакчылык жана суу ташкындарынын да ачкачылык кризисине себеп болгонун баса белгиледи.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аймакка чукул жардам көрсөтүү үчүн 810 миллион доллар керек экенин жарыялады.



Тектеш кабарлар