Италиядагы сел: 15 киши каза болду

Сел суулары азайган шаар жана айылдарда жергиликтүү элдин тазалоо жана зыянды аныктоо иштери жүрүп жатат.

1989953
Италиядагы сел: 15 киши каза болду

Италиянын Эмилия Романья аймагында өткөн аптада нөшөрлөп жааган жамгырдын натыйжасында болгон сел апаатында каза болгондордун саны дайынсыз жоголгон бир адамдын сөөгүнүн табылышы менен 15ке жетти.

Италиянын ANSA агенттигинин кабарына караганда, өткөн аптада аймактагы селден эң көп жабыр тарткан жерлердин бири болгон Лугодо дайынсыз жоголгон бир адамдын жансыз денеси табылды.

17-майдан бери дайынсыз болуп жаткан 68 жаштагы кишинин сөөгүнүн Италиянын жандармерия топтору тарабынан табылганы билдирилди.

Буга караганда кырсыктан каза болгондордун саны 15ке жетти.

Бир тараптан катуу жамгыр жаашы мүмкүн деген эскертүү менен аймакта «кызыл коңгуроо» абалы уланууда.

Сел суулары азайган шаар жана айылдарда да жергиликтүү элдин тазалоо жана зыянды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Селден улам премьер-министр Жоржия Мелони жетектеген оңчул коалициялык өкмөт, суу каптаган аймактын муктаждыктары үчүн 2 миллиард евродон ашык каражат бөлүүнү чечти.



Тектеш кабарлар