ЕБ өлкөлөрү 20 -  марттан бери Украинага 220 миң артиллериялык снаряд жана 1300 ракета берди

Жозеп Боррель  Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн 20 -  марттан бери Украинага 220 миң артиллериялык снаряд жана 1300 ракета бергендигин айтты.

1990150
ЕБ өлкөлөрү 20 -  марттан бери Украинага 220 миң артиллериялык снаряд жана 1300 ракета берди

Европа Биримдигинин Тышкы карым  - катнаштар жана коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Жозеп Боррель  Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн 20 -  марттан бери Украинага 220 миң артиллериялык снаряд жана 1300 ракета бергендигин айтты.

Боррель Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлери катышкан жыйындан кийин басма сөзгө маалымат берди.

Украинага талап кылган курал жана ок  -  дары берүү үчүн Европа Биримдиги  20 -  мартта кабыл алган  3 этаптуу пландагы акыркы абалга токтолгон Боррель  пландын биринчи этабынын бул жардамдын Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн учурдагы запастарынан  берүү экендигин эске салды.

Боррель ушунун негизинде ушул кезге чейин Украинага 220 миң артиллериялык снаряд менен 1300 ракета бергендигин, бул процесстин 31 -  майда акырына чыга тургандыгын жарыялады.

Экинчи эптапта пландалган биргелеше сатып алуу үчүн 1 миллиард евролук чаранын 800 миллиону берилгенин белгилеген Боррель  8 өлкөнүн бул тууралуу  каалоосун билдиргенин айтты.

Боррель  кайсы өлкөлөр экендигин ачык айткан жок.

Европа Биримдигинин жогорку өкүлү Европа Биримдигинин ушул кезге чейин 20 миңге жакын Украина аскерин машыктыргандыгын, бул сандын жылдын акырына чейин 30 миңге чыгарын белгиледи.

20 -  мартта кабыл алынган чечим үч этапты камтыйт. 13 -  апрелде белгиленген биринчи этапта Кеңеш 9-февралдан 31-майга чейин мүчө мамлекеттердин Украинага берген ок-дарыларынын ордун толтуруу үчүн 1 миллиард евро өлчөмүндөгү каржылоо пакетин кабыл алды.

Экинчиден, 3-майда Комиссия Европанын коргонуу өнөр жайынын потенциалын жогорулатуу үчүн ок-дары өндүрүшүн колдоо мыйзамы (ASAP) сунушун сунуштады жана ушунун негизинде Европа Биримдиги бюджетинен 500 миллион евро каржылана турганы жарыяланды.

Үч этаптан турган чара мүчө мамлекеттердин Украинага жыл аягына чейин 1 миллион артиллериялык снаряд жөнөтүү максатын жеткирүү жана биргелешип жеткирүүнү тездетүүнү максат кылууда.



Тектеш кабарлар