Гутерриш: "Айрым маанилүү маселелер уланып жатат"

Гутерриш БУУнун Коопсуздук Кеңешинин сессиясында кагылышууларда жарандарды коргоо боюнча сөз сүйлөдү.

1989962
Гутерриш: "Айрым маанилүү маселелер уланып жатат"

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Кара деңиз дан демилгеси жана БУУ менен Орусиянын ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумунун ишке ашырылышына байланыштуу кээ бир маанилүү көйгөйлөрдүн уланып жатканын билдирди.

Гутерриш БУУнун Коопсуздук Кеңешинин сессиясында кагылышууларда жарандарды коргоо боюнча сөз сүйлөдү.

Антонио Гутерриш Орусиянын бул демилгеге дагы 60 күн катыша турганын ырастоосуна ыраазы болгонун белгилеп: «Айрым маанилүү маселелер уланып жатат. Бирок Орусия, Украина, Түркия жана БУУнун өкүлдөрү бул маселелерди талкуулоону улантат»,-деди.

Орусия менен Украинадан азык-түлүк жана жер семирткич экспортунун глобалдык камсыздоо чынжырларына жетүүсүнүн келечекте да уланарын үмүт кылгандарын айткан Гутерриш, демилгенин ушуну максат кылганын жана БУУнун да бул демилгеге толук колдоо көрсөтүүнү улантарын кошумчалады.



Тектеш кабарлар