АКШ кээ бир өлкөлөрдө модулдук өзөктүк реакторлорду курушу мүмкүн

Мария Лонг маалымат берди.

1990289
АКШ кээ бир өлкөлөрдө модулдук өзөктүк реакторлорду курушу мүмкүн

АКШ кээ бир өлкөлөрдө, анын ичинде Арменияда модулдук өзөктүк реакторлорду курууну карап жатат.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин Европа, Евразия жана Борбор Азияны колдоо программалары боюнча координатору Мария Лонг, АКШнын Өкүлдөр палатасынын Эл аралык байланыштар комитетинде өткөрүлгөн 2024-финансы жылынын мамлекеттик жана тышкы операциялар боюнча Европа бюджеттик подкомитетинин жыйынында, алар Армения да арасында болгон кээ бир өлкөлөргө өзөктүк энергия колдоосун камсыз кылууну карап жатышканын билдирди.

Лонг: «Армения баш болгон бир катар өлкөлөргө, Орусия жана Кытай Эл Республикасына болгон энергетикалык көз карандылыкты азайтууга жардам бере турган АКШ технологиясы менен жасалган чакан модулдук өзөктүк реакторлорду орнотуунун максатка ылайыктуулугун иликтеп жатабыз»,- деди.

Армения энергетикалык муктаждыгынын көбүн Орусиядан импорттоо аркылуу камсыздайт. Өлкөнүн электр энергиясынын 40 пайызга жакыны болсо Түркия чек арасына жакын жайгашкан Метсамор атомдук станциясынан алынат.



Тектеш кабарлар