Улуу Британиядагы эл аралык студенттер үй-бүлөсүн өлкөгө ала алышпайт
Улуу Британиянын Ички иштер министрлиги студенттик виза ээлеринин үй-бүлөлөрү үчүн виза арызындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу билдирүү жасады.
Англиядагы иммиграцияны азайтуу саясатынын алкагында, эл аралык студенттер 2024-жылдын январынан баштап белгилүү бир шарттарды кошпогондо, өздөрүнүн багуусундагы адамдарды өлкөгө ала алышпайт.
Улуу Британиянын Ички иштер министрлиги студенттик виза ээлеринин үй-бүлөлөрү үчүн виза арызындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу билдирүү жасады.
Билдирүүдө, эл аралык студенттер изилдөө программасы катары аныкталган дипломдон кийинки билимге катышмайынча, алардын багуусундагы адамдарды Улуу Британияга ала албай турганы белгиленди.
Эл аралык студенттерге алдын ала пландоо үчүн убакыт берүү максатында аталган өзгөртүү 2024-жылдын январынан тарта күчүнө кирери айтылды.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.