Суданда 7 күндүк ок атышпоо келишими түзүлдү

Сауд Арабиянын расмий кабар агенттиги SPAдагы кабарга караганда, Сауд Арабия менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) биргелешкен билдирүүсүндө Судан армиясы менен HDK ортосунда 7 күндүк ок атышпоо ырасталды.

1988739
Суданда 7 күндүк ок атышпоо келишими түзүлдү

Суданда кагылышып жаткан армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (HDK) ортосундагы 7 күндүк ок атышпоонун эртең (22-май) жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:45те күчүнө кирери билдирилди.

Сауд Арабиянын расмий кабар агенттиги SPAдагы кабарга караганда, Сауд Арабия менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) биргелешкен билдирүүсүндө Судан армиясы менен HDK ортосунда 7 күндүк ок атышпоо ырасталды.

Билдирүүдө, Судандагы кагылышууларды токтотуу максатында Сауд Арабиянын Жидде шаарында жаңжалдашкан тараптардын түз сүйлөшүүлөрүндө жетишилген ок атышпоонун 22-май дүйшөмбү күнү Судандын жергиликтүү убакыты боюнча 21:45те ишке ашырыла баштаары белгиленди.

Сауд Арабия менен АКШнын көзөмөлүндө түзүлгөн бул кыска мөөнөттүү келишимге Судан жана Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (HDK) өкүлдөрү кол койгон билдирүүдө, ок атышпоонун 7 күн бою күчүндө боло турганы, тараптардын макулдугу менен узартылышы мүмкүн экендиги маалымдалды.

Билдирүүдө, ошондой эле Жиддедеги сүйлөшүүлөрдүн улана турганы жана кийинки жолугушууларда жарандар үчүн коопсуздук жана гуманитардык шарттарды жакшыртуу темасынын талкууланышы күтүлүүдө.

Судандын бүтүндөй жеринде ишке ашырыла турган «шашылыш гуманитардык жардамдарды жеткирүү жана негизги кызматтарды көрсөтүүнү» максат кылган кыска мөөнөттүү ок атышпоо келишими тараптардын гуманитардык милдеттенмелерине байланыштуу Жидде декларациясында алган милдеттенмелерин аткарышын камтыйт.

Аль-Жазира телеканалы Сауд Арабиянын тышкы иштер министрлигинин булактарына таянып берген кабарында Суданда кагылышкан тараптардын ортосунда бир жумалык ок ​​атышпоо келишими түзүлгөнү белгиленген.

Судан армиясы менен HDK ортосунда 15-апрель күнү эртең менен борбор шаар Хартум жана башка шаарларда тараптардын көптөн бери келе жаткан пикир келишпестиктеринин натыйжасында куралдуу кагылышуулар башталган.



Тектеш кабарлар