Volkswagen Россиядагы активдерин орус компаниясына сатты

Россияда Mercedes, Renault жана Nissan компанияларынын активдери мурда орус өкмөтүнө өткөрүлүп берилген.

1988614
Volkswagen Россиядагы активдерин орус компаниясына сатты

Германиянын автоунаа өндүрүүчүсү Volkswagen  Россиядагы активдерин орус компаниясына сатты.

Фольксвагенден берилген жазуу түрүндөгү маалыматта фирманын Россиядагы мүлктөрүн орус фирмасы Avilonго сатуунун аяктаганы жарыяланды.

Билдирүүдө фирманын Калугадагы өндүрүш объектисинин да келишимдин алкагында сатылганы билдирилип, келишимдин орус бийлиги тарабынан да жактырылганы белгиленди.

Россиянын Интерфакс маалымат агенттиги 12-майда билдиргендей, келишим 125 миллион еврону түзгөн.

Россияда Mercedes, Renault жана Nissan компанияларынын активдери мурда орус өкмөтүнө өткөрүлүп берилген.



Тектеш кабарлар