Францияда сот митингчилер тууралуу маалыматтардын топтолушун мыйзамсыз деп тапты

Франция доогерлерди жалпысынан 3 миң евро айып төлөөгө милдеттендирди.

1988611
Францияда сот митингчилер тууралуу маалыматтардын топтолушун  мыйзамсыз деп тапты

Францияда сот пенсия реформасына каршы митингдерде кармалган митингчилердин жеке маалыматтарын чогултууну мыйзамсыз деп тапты.

Лилль административдик соту пенсия реформасынын алкагында кармалган митингчилердин аты-жөнү, фамилиялары жана туулган даталарынын бир делого топтолушуна байланыштуу чечимин жарыялады.

Сот делону “мыйзамсыз” деп тапты.

Сот Лилль прокуратурасы жана Франциянын Адилет министрлиги сөз кылынган делодогу бардык жеке маалыматтарды өчүрүү керек деген чечимге келди жана Франция  доогерлерди жалпысынан 3 миң евро айып төлөөгө милдеттендирди.



Тектеш кабарлар