Италияда сел апааты

Италиянын Эмилия Романья аймагында нөшөрлөгөн жамгырдан кийин болгон сел апаатында каза болгондордун саны 13кө жетти.

1988385
Италияда сел апааты

Италиянын Эмилия Романья аймагында нөшөрлөгөн жамгырдан кийин болгон сел апаатында каза болгондордун саны 13кө жетти.

Аймакта апта башында таасирдүү болгон жамгырдан улам болгон сел апаатында каза болгондордун саны өсүүдө.

Италиянын ANSA агенттигинин жергиликтүү бийликтерге таянган маалыматына караганда, селден каза болгондордун саны 13кө жетти.

Селден жабыркаган аймактардын саны 42ге жетип, 10 миң киши үйлөрүн таштап, 34 миң кожолукка электр жарыгы бериле албай жаткандыгы айтылды.

Кээ бир жерлерде аскерлер да  жергиликтүү элге жардам берүү иштерине катышууда.

Аймакта сел жана жер көчкүдөн улам транспортко жабылган жолдорду ачуу иштери уланып жатканы маалымдалды.



Тектеш кабарлар