Азербайжан, Армения жана Россиянын лидерлери жолугушат

Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Россиянын президенти Владимир Путиндин арачылыгы менен 25-майда Россиянын борбор шаары Москвада жолугушат.

1988367
Азербайжан, Армения жана Россиянын лидерлери жолугушат

Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Россиянын президенти Владимир Путиндин арачылыгы менен 25-майда Россиянын борбор шаары Москвада жолугушат.

Министрлер кеңешинин жыйынынын алдында Пашинян 14-майда Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель жана Алиев менен болгон үч тараптуу жолугушуу тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

Россия тарабынан Путиндин ортомчулугунда 25 -  майда Москвада Азербайжан менен Армениянын лидерлеринин ортосунда жыйын өткөрүү сунушун алгандарын белгилеген Пашинян бул сунушту кабыл алгандарын айтты. 

Пашинян Мишелдин  14 -  майдагы жолугушуусунан кийинки билдирүүсүндө да белгилегендей Азербайжандын Армениянын  29  миң 800 километр квадраттык, Армениянын да Азербайжандын 86 миң 600 километр квадраттык бүтүндүгүн таныгандыгын, мунун аймактагы тынчтык жана туруктуулуктун түзүлүшү, Армения менен Азербайжандын ортосундагы тынчтык келишими текстин жыйынтыктоо, чек аралардын белгилениши үчүн маанилүү экендигин баса белгиледи. 

Алдыда боло турган сүйлөшүүлөргө да токтолгон Пашинян Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Германиянын канцлери Олаф Шольцтун ортомчулугу астында 1-июнда Молдованын борбору Кишиневдо Европа саясий шериктештигинин саммитинин алкагында беш тараптуу жолугушуу өткөрүлөрүн, ушуга окшош бир жолугушуунун  октябрь айында Гранадада  өткөрүлөрүн билдирди.

Пашинян Мишелдин ортомчулугу менен кийинки үч тараптуу жолугушуунун июль айында  Брюсселде өтөөрүн айтты. 

 



Тектеш кабарлар