Польшанын маалымат каражаттарына кибер чабуул

Польшанын эң көп сатылган гезиттери, жумалык журналдары жана маалымат сайттары хакердик чабуулга кабылганы кабарланууда.

1988226
Польшанын маалымат каражаттарына кибер чабуул

Польшанын эң көп сатылган гезиттери, жумалык журналдары жана маалымат сайттары хакердик чабуулга кабылганы кабарланууда.

Польшанын маалымат каражаттарынын жазганына караганда, өлкөнүн эң көп сатылган экинчи, үчүнчү жана төртүнчү гезиттери Super Express, Gazeta Wyborcza жана Rzeczospolita, ошондой эле эң көп сатылган жумалык жаңылыктар журналы Политика менен wPolityce жана Niezalezna маалымат сайттары хакердик чабуулга кабылган.

Твиттердеги wPolityce билдирүүсүндө, «Биздин сайтка DDoS хакердик чабуулу уланууда. Польшанын Санариптик иштер министрлигинин маалыматына караганда, чабуулдун артында орусиялык хакердик топтор турат»,деп айтылды.

Gazeta Wyborcza билдирүүсүндө, веб-сайттын бүгүн адаттагыдан бир топ жайыраак иштегени белгиленип, «Бул маселелер үчүн кечирим сурайбыз. Санариптик иштер департаменти биздин веб-сайтта DDoS чабуулу жасалганын тастыктады»,деген билдирүүлөр камтылган.

Максаттуу маалымат каражаттары ар кандай саясий көз караштарды билдирет. wPolityce жана Niezalezna башкаруучу партияны колдосо, Gazeta Wyborcza өкмөттү катуу сынга алат.

Польшанын расмий маалымат агенттиги PAP да бул темада техникалык изилдөө жүргүзүлө турганын жарыялаган кабарды жарыялады.



Тектеш кабарлар